Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:59

Апрель окуясы боюнча сот убактылуу токтоду


Апрель окуясы боюнча сот белгисиз мөөнөткө жылдырылганын “Азаттыкка” жабырлануучулардын адвокаты Осунбек Жамансариев билдирди. Анын айтуусунда, сот жараяны айыпталуучулар Данияр Дунганов менен Мурат Суталиновдун ден соолугуна байланыштуу токтотулган.

Өткөн жумада апрель окуясынын жабырлануучулары айыпталуучулардын бири Данияр Дунгановдун үй камагына чыгарылганына байланыштуу сотко катышуудан баш тартып, Ак үйдүн алдына митингге чыгышкан.

2010-жылы 7-апрелде тынч элге ок аткан деген айып мурунку президент Курманбек Бакиев баштаган 28 кишиге тагылган. Анын ичинен жетөө Кыргызстанда болбогондуктан, сырттан соттолууда. Ушул тапта камакта мурдагы мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчиси Нурлан Темирбаев кармалууда, калгандары үй камагында.(ZKo)

XS
SM
MD
LG