Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:11

Депутаттардын соту бейшемби, жума күндөрү болот


“Ата-Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткуловдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, 3-октябрдагы окуя боюнча соттук териштирүү мындан ары ар аптанын бейшемби, жума күндөрү болмокчу. Кийинки сот жараянында айыпталуучулардын көрсөтмө берүүсү уланат.

Өткөн жумада болгон соттук териштирүүдө “Ата-Журт” фракциясынын башчысы Садыр Жапаров көрсөтмө берип, 3-октябрдагы митингдин демилгечиси экенин танбасын билдирип, ал эми бийликти басып алуу боюнча өзүнө тагылган айыпты четке каккан.

Өткөн жылдын 3-октябрында Бишкектеги борбордук аянтта болгон митингден кийин, айрым митингчилер Ак үйдүн тосмосун ашып кирүүгө аракет кылышкан. Буга байланыштуу митингдин уюштуруучулары, “Ата-Журт” партиясынын парламенттеги депутаттары Камчыбек Ташиевге, Садыр Жапаровго жана Талантбек Мамытовго “Конституциялык түзүлүштү бузууга чакырык жасаган”, “Бийликти басып алууга аракеттенген” деген айыптар тагылып, камакка алынышкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG