Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:33

Стамбулда америкалык турист аялдын сөөгү табылды


Стамбул полициясынын башчысы Хусейн Капкин 33 жаштагы америкалык турист Сарай Сьерра башына жеген токмоктон өлгөнүн кабарлады. Маалыматтарда айтылгандай, Нью-Йорктон келген аялдын өлүмүнө шектүү делип кеминде 11 киши кармалган.
Эки баланын энеси Сарай Сьерранын сөөгү ишембиде Стамбулдагы эски шаар калдыктарынын арасынан табылган. Ал Түркияга сүрөт тартуу максатында келгени айтылууда. АКШнын Мамдепартаменти Түркия бийлигине америкалык турист аялды издөө иштери үчүн ыраазылык билдирди.

XS
SM
MD
LG