Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Октябрь, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:31

Турганбаев: Шоноевдин өлүмүнө шектүүлөрдүн иши ушул жума сотко өтөт


Полковник Толкунбек Шоноевди өлтүрүүгө катышты деп шектелгендердин иши ушул жума Ош шаардык сотуна өткөрүлөт. Ош облусунун прокурору Айбек Турганбаев «Азаттыкка» билдиргендей, тергөө жыйынтыкталып, экспертизалык текшерүү кармалгандарга коюлуп жаткан айыпты тастыктады.

ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча түштүк башкармалыгынын бөлүм башчысы Толкунбек Шоноев 11-январда үйүнүн жанынан киши колдуу болгон.

Алгач кылмышты уюштурууга катышты деген шек менен беш киши, андан соң полковникке ок атты деп шектелген бир киши кармалган. Ок аткандардын дагы бири издөөдө жүрөт. Кармалгандар Улуттук коопсуздук комитетинин Оштогу башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында камакта отурат. Бардыгы Кыргызстандын 25-28 жаштагы жарандары. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG