Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:16

Бишкек: Аскердик бөлүктөн 39 жоокер качып кетти


Бишкекте аскердик бөлүктөн 39 жоокер качып кетти. Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаевдин "Азаттыкка" айтымында, аталган министрликтин Ички аскерлеринин №702 бөлүгүнөн 39 солдат кечээ кечинде чыгып кеткени аныкталды:

Саат 10дон кийин билинди аскердик бөлүктөн белгисиз жакка чыгып кеткени. Алардын каякта экенин тактоо иштери жүрүүдө. Баарынын тең кызматы бүтүп калган экен. Жазында бошомок. Эмне себептен кетип калганы азырынча белгисиз. Негизинен кайгуул-күзөт менен кайтарууга, көчө коопсуздугун камсыз кылууга чыкчу. (RK)

XS
SM
MD
LG