Кыргыз өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев тиешелүү мекеме жетекчилеринин катышуусунда Баткен облусунун социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу боюнча иш-чараларды аткарууну тапшырды. Ага ылайык, чектеш аймактарда жайгашкан Чарбак, Таян айылдарында суу түтүктөрүн куруу, Чарбак айылында ФАПтын курулуш иштеринин жүрүшү тууралуу маалыматтар апта сайын өкмөт башчыга берилип турууга тийиш. Ошондой эле Көк-Таш – Аксай – Тамдык, Айгүл-Таш – Согмент – Чарбак – Таян, Бел – Сөгөт – Бөжөй автоунаа жолунун, Чарбак, Кыштут, Таян, Согмент айылдарында кошумча электр чубалгысынын курулушун убагынан калтырбай, бекитилген мөөнөттө бүткөрүүнү талап кылды.
Өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдагандай, премьер-министр Энергетика жана өнөр жай, Транспорт жана байланыш министрлерин, Өкмөт алдындагы курулуш жана аймакты өнүктүрүү боюнча агенттиктин жетекчисин бекитилген иш-чараларды чабал аткарып жатканын белгилеп, сынга алды:
-Пландаштырылган объектинин бардыгын мөөнөтүнөн эрте бүткөрүү зарыл. Чек ара боюнда жашаган биздин жарандардын эртеңки күнгө болгон ишенимин арттыруубуз керек. Курулай сөз берүү менен элдин бийлик органдарына болгон ишенимин кайтара албайбыз. Ошондуктан ар бириңер аз сүйлөп, көп иштешиңер керек, - деди Ж..Сатыбалдиев.(ZKo)