Жогорку Кеңешти тейлөөгө кеткен мамлекеттик акчанын сарпталышы тууралуу маалымат коомчулук үчүн дагы эле жабык бойдон калууда. Бул тууралуу бир катар укук коргоо уюмдары айтып чыкты.
"Жарандар коррупцияга каршы" уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилованын айтымында, парламенттин бюджети ачык болушу керек. Бирок ачык айтылбаган айрым фактылар жарандык коом арасында бир топ суроолорду жаратууда:
Мисалы, мурунку спикер Малайзияга барганын айтсак болот. Ошондой эле депутат аялдарга 8-Мартка 80-100 миң бөлүнгөнү, бир эркек депутат оорусун айыктырууга 500 миң сом алганы, дагы бирөөнө курулуш иштерине ссуда акча берилгени жана башка мисалдарды келтирсе болот. Мындай нерсе негизи болбошу керек да.
Былтыр укук коргоочулар парламенттин пленардык жыйындарына катышпаган депутаттардын тизмесин жарыялоо талабы менен чыкса Жогорку Кеңеш ага каршы болгон. Бирок Бишкек шаардык соту укук коргоочулардын пайдасына чечим чыгарган болчу. (RK)