Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:12

Тажик-ооган чек арасында аткезчилер менен аткылашуу болду


Тажик чек арачылары жекшембинин түнүнөн бери Ооганстан тараптан чек араны бузуп өтмөк болгон адамдарды эки жолу артка кайтарды. Тажикстандын коопсуздук кызматынын билдиришинче, бүгүн таңда да чек араны бузуп өтүү аракети болуп, өз ара атышууда бир ооган жараны атып өлтүрүлгөн. Бул арада маңзат аткезчиси деп шектелген бир ооган жана үч тажик кармалды.

Өткөн айда Тажикстан-Ооганстан чек арасында маңзат аткезчилери менен аткылашууда бир тажик аскер окко учкан. Тажик бийликтеринин кабарлашынча, 2012-жылы маңзат аткезчиси деп шектелген адамдар чек араны бери дегенде 20 жолу бузуп өтмөк болгон жана үч тоннага жакын түрдүү маңзат колго түшүрүлгөн. Ооганстандан Орусия жана Европага мыйзамсыз ташылган маңзаттарынын чоң бөлүгү Тажикстан аркылуу ташылат.

XS
SM
MD
LG