Катардын жаныбарлар ресурсу департаменти Кыргызстандан кой импорттоого уруксат берүүнү сунуштады. Мындай маалымат Катардын аталган департамент башчысы Кассем ал-Катандын Кыргызстандын башкы мамлекеттик ветеринардык инспектору Самат Алиевге жолдонгон катта айтылган. Мурдараак аталган өлкөнүн карантин-ветеринардык кызматынын адистери Кыргызстандагы эпизоотикалык абал менен таанышып кетишкен. Бул тууралуу КР санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Өткөн жылы Кыргызстандагы эпизоотикалык абалды себеп кылып, Казакстан эт-сүт азыктарын импорттоодон баш тарткан. (ZKo)
Өткөн жылы Кыргызстандагы эпизоотикалык абалды себеп кылып, Казакстан эт-сүт азыктарын импорттоодон баш тарткан. (ZKo)