Тажистандын мурдагы премьер-министри Абдумалик Абдулложонов Украина аэропортунда кармалды. Тажик бийлиги ага эл аралык издөө жарыялаган.
Интерполдун Украинадагы өкүлү бул маалыматты биздин кабарчыга тастыктап, Абдулложонов шейшембиде АКШдан келгенден кийин кармалганын айтты. Украина Ички иштер министрлигинин маалымат бөлүмү азыр аны Тажикстанга өткөрүп берүү маселеси каралып атканын билдирди.
64 жаштагы экс-премьерге 1996-жылы тажик президенти Эмомали Рахмонду өлтүрүү кутумуна жана 1998-жылы Согди облусунда согушкерлердин чабуулуна аралашкан деген айып тагылууда. Бийлик аны уюшкан кылмыштуу топтор менен байланыштары, бир катар экономикалык кылмыштар үчүн күнөөлүү деп эсептейт.
Абдулложонов айыптоолордун артында саясат турганын айтып, дооматтарды четке кагууда. Ал 1990-жылдары эле Тажикстандан кетип калганы менен, азыркыга чейин Рахмондун олуттуу саясий атаандашы катары сүрөттөлүп келет.
1994-жылы Абдулложонов президенттик жарышка катышкан. Ал жеңгенин айтып, Рахмонду бурмалоолор үчүн айыптаган.
Быйыл жыл этегинде Тажикстанда кезектеги президенттик шайлоо болот.