Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:21

Жээнбеков: Айыл чарба жетекчилиги сөздөн ишке өтүүсү зарыл


Айыл чарба жана мелиорация министрлиги кыска мезгил аралыгында айыл чарба тармагын өнүктүрүү боюнча так программа иштеп чыгуусу керек.

Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков жазгы талаа иштерине даярдык талкууланган жыйындын соңунда айтты. Айыл чарба жана мелиорация министрлиги бул тармактын ишин кылдат талдап чыгып, ветеринария, сугат, үрөнчүлүк боюнча сунуштарды берүүгө тийиш деди:

Акча бөлүнүп жатат, бирок жыйынтык жакшы эмес. Түшүмдүүлүк жок. Кооперация өнүкпөй жатат. Оорулар көбөйүүдө. 23 жылдан бери биз артка кетип жатабыз десек болот.

Бүгүн айыл чарба жана мелиорация министри Чыңгысбек Узакбаев парламентке келип жазгы талаа иштерине даярдык тууралуу айтып берди. Быйыл тамак-аш коопсуздугу башкы маселе катары коюлуп жатканын айтты.

Айыл чарба өсүмдүктөрүн эгүү аянтын 1 миллион 171 миң гектарга чейин жеткирүү каралганын кошумчалады. Өткөн жылдагыдан бул 6,3 миң гектарга көп. (RK)

XS
SM
MD
LG