Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:24

HRW: Сочиде эмгек мирганттардын укуктары бузулууда


2014-жылкы Олимпиадага даярданып жаткан Сочи шаарында курулуштарда иштеген эмгек мигранттары эксплуатацияга туш болууда. Бул тууралуу
"Хьюман Райтс Уотч" (HRW) эл аралык уюму билдирди.

Уюмдун докладында айтылгандай, жумушчулар эмгек акысын албай калышат, күнүнө 12 саат иштеп, бир нече күн гана эс алышат, кетип калбасын деп, алардын паспортторун тартып алуу учурлары көп кездешет. Уюм докладын Армения, Борбор Азия, Сербия жана Украинадан барган эмгек мигранттары менен интервьюларга таянып жазган. Алар кенедей бөлмөлөргө топ-топ болуп жайгаштырылганын, эптеп тамактанганын, убада кылынган маянанын жарымын гана алышканын айтышкан. "Хьюман Райтс Уотч" орус бийлигин жана Эл аралык Олимпиада комитетин мигранттардын эмгегин кыянат пайдалануу көрүнүшүнө чекит коюуга үндөдү.

XS
SM
MD
LG