Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:41

Иранда президенттин санаалашы абактан бошотулду


Ирандын мамлекеттик кабар агенттиги – ИРНА президент Махмуд Ахмадинежаддын санаалашы камактан чыгарылганын маалымдады. Атын атабаган расмий адамга шилтеме жасаган агенттик мурдагы башкы прокурор Саед Мортазави шаршембиде Эвин түрмөсүнөн бошотулганын кабарлады.

Жекшембиде президент парламентке келип, импичментке туш болгон министрлердин бирин коргоп калууга аракеттенген. Мыйзам чыгаруучулар эмгек министри Абдулреза Шейхолесламиге ишенбөөчүлүк көргөзүп, кызматынан кетиришкен. Министр Мортазавини Социалдык коргоо фондду жетектөөгө дайындагандан кийин депутаттардын каарына калган. 2010-жылы өткөрүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мажлистин комиссиясы Мортазави Тегеран түрмөсүнө камалган антиөкмөттүк демонстрациялардын кеминде 3 катышуучусунун өлүмү үчүн айыптуу деген тыянак жасаган. Ошол жыйында Ахмадинежад парламент спикери Али Ларижанинин жакындарын коррупция жана кызматтан кыянат пайдалануу үчүн айыптаган. Көп өтпөй Мортиазави камакка алынган. Президент Египеттен кайтып келгенден кийин анын ишин көзөмөлгө алаарын айткан.

XS
SM
MD
LG