Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:46

Балкан: Сербия менен Косово лидерлери жолугушту


Эки өлкөнүн президенттери Косово Сербиядан бөлүнүп чыккан 2008-жылдан бери алгачкы жолу шаршембиде Евробиримдик жүргүзүп жаткан сүйлөшүүлөрдүн алкагында жолугушту. Томислав Николич менен Атифет Жахжега Евробиримдиктин Тышкы саясат боюнча жооптуу кызматкери Кэтрин Эштон менен чогуу жолугушуудан мурун көзмө көз да сүйлөшкөн. Сүйлөшүү Косово Сербиядан бөлүнүп чыккандан кийинки аймактагы чыңалган мамилени калыбына келтирүүгө арналды. Сербиянын президенти Косово өзүнүн көз карандысыздыгын талап кылууну токтотуусун айтты, ал эми Косовонун мамлекет башчысы Сербия эски көз карашта кала бергенине өтүнүчүн билдирип, Белградды өз өлкөсүнүн эгемендигин таанууга үндөдү. Кэтрин Эштон жолугушуудан соң эки президент “диалогго колдоо зарыл экенине” ынандырганын айтты:

-Биз эми жакынкы жумаларда Түндүк Косового көңүл бурабыз. Николич менен Жахжега мени алардын диалогуна ар дайым колдоо керек экенине ынандырышты. Мен Сербия үчүн да, Косово үчүн да өнүгүүнүн маанисин дагы бир ирет бекемдедим жана эки тарапты тең Евробиримдикке кирүү аракетин биз өткөң жылы кабыл алган корутундуга ылайык уланта берүүлөрүн колдодум.

Косовонун көз карандысыздыгын тааныгысы келбеген Сербия Евробиримдикке мүчө болгусу келет. Буга чейин өткөн күздө эки өлкөнүн өкмөт башчылары жолугушкан болчу.
Косово Сербиядан 2008-жылы бөлүнүп чыккан. Расмий Белград Косовонун көз карандысыздыгын тааныгысы келбейт. Косовонун түндүк анклавындагы сербдер да Приштинанын бийлигине баш ийүүдөн баш тартып келишет.

XS
SM
MD
LG