Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:01

"Манаста" логистикалык борборду куруу боюнча сүйлөшүүлөр уланат


Кыргызстан “Манас” аба майданында логистикалык борбор куруу боюнча Орусия менен сүйлөшүүлөрдү улантат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинин Жарандык авиация жана суу транспорт боюнча бөлүм башчысы Мамат Назаров билдирди. Анын айтымында, 6-февралда Орусиянын транспорт министринин орун басары Валерий Окулов баштаган адистер келип кетти. Алар Кыргызстандын транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султанов менен жолугушуп, аба майдандагы логистикалык борбор куруу үчүн шарттар менен таанышты. Назаровдун айтымында, жолугушуунун жыйынтыгында кандайдыр бир келишим же макулдашууга кол коюлган жок. Бирок борборду куруу боюнча сүйлөшүүлөрдү улантуу макулдашылды.

Борборду куруу боюнча алгач ирет сүйлөшүүлөр 2012-жылдын соңунда башталган болчу.

Президент Алмазбек Атамбаев "Манас" аба майданында жайгашкан АКШнын транзиттик жүк ташуу борбору 2014-жылдан кийин чыгарыларын, база жарандык борборго айланышы ыктымалдыгын билдирип келет. (BkA)

XS
SM
MD
LG