Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:36

Бүгүн "Берлинале" кинофестивалы ачылууда


Калыстар тобунун мүчөлөрү Ширин Нешат (солдо) менен Сьюзан Бир (оңдо), ошондой эле, калыстар тобунун төрагасы Вон Кар Вай, 7-февраль, 2013
Калыстар тобунун мүчөлөрү Ширин Нешат (солдо) менен Сьюзан Бир (оңдо), ошондой эле, калыстар тобунун төрагасы Вон Кар Вай, 7-февраль, 2013
Германиянын борбор калаасында дүйнөдөгү эң абройлуу кинофестивалдардын бири "Берлинале" 11 күндүк ишин баштаганы турат. Анда көрүүчүлөргө тартууланчу жана конкурстук программага катышчу тасмалардын көбү саясий жана социалдык көйгөйлөргө арналган.

Кызуу талкууга түшүп жаткан тасмалардын ичинде ирандык кинорежиссер Жарфар Панахинин жаңы тартылган “Жабык парда” деп аталган фильми аталууда. Аны ушул жекшембиде көрсөтүшөт. Фестивалдын программасында ал тууралуу “Бул тасма Каспий деңизинин боюндагы үйдө жашаган бир киши, анын ити, жаш аял жана киночу жөнүндө экени, алардын баарын бийликтер издеп жүрүшкөнү, ошол эле маалда, алар бирин-бири таба албай жатышканы жөнүндө баян этилет” деп эле айтылган.

2010-жылы Панахи Иранда оппозициянын “Жашылдар кыймылын” колдогондо камакка алынган жана ага 20 жыл фильм тартууга тыюу салынган эле.

Быйыл "Берлиналеде" Борбор Азия өлкөлөрүнөн казакстандык жаш режиссер Эмир Байгазиндин “Гармония сабактары” тасмасы негизги конкурска катышууда. Анда жетимдер үйүнүн тарбиялануучусу өз мектебиндеги кылмыштуулук менен күрөшөм деп, кантип өзү да кылмышка аралашып калганы жөнүндө баяндалат.

XS
SM
MD
LG