Алматыда сот тыюу салынган гезит редакторуна айыппул салды.Экстремисттик мазмундагы макала жарыялады деген кине боюнча өткөн декабр айында соттун чечими менен “Голос Республики” жана дагы башка ондогон гезит, телеканал, интернет басылмалар жабылган. Алматыдагы сот бүгүн “Голос Республики” гезитинин башкы редактору Татьяна Трубачева журналисттик жамааты менен “Рипаблик” аттуу жаңы гезит чыгара баштаганы үчүн 220 долларлык айып такты. Трубачева өзү соттун чечимине арызданып аппеляциялык арыз жазаарын “Азаттыкка” кабарлады.