Тунисте киши колдуу болуп өлгөн оппозиция лидеринин тажыясына миңдеген киши чогулду. Секулярдык саясатчы Чокри Белаидди шаршембиде үйүнөн чыгып бараткан жеринен атып кетишкен. Анын бейажал өлүмү Тунисте башаламан нааразылык акцияларын жаратып, бейшембиде бийликтеги исламдык "Эннахда" партиясынын башкеңсеси өрттөлгөн. Бул партия өкүлү, премьер-министр Хамди Жебали Тунистеги чыңалууну жөнгө салыш үчүн өкмөттү таркатып, жаңы техникалык министрлер кабинетин түзүү ниетин билдирди. Бүгүн оппозиция лидеринин тажыясына улай Тунистин көчөлөрүн каптаган демонстранттардын айынан коомдук унаа иштебей, коомдук жайлар жабык турду.