Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:19

Аба ырайы: Кар көчкү коркунучу бар


Шашылыш эскертүү

Кыргызстанда 9-12-февраль күндөрү жааган жаан-чачындан улам тоолуу райондордо, Бишкек – Ош (121-137 жана 198-265-чакырым), Каракол – Эңилчек (45-90-чакырым), Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу (45-90, 145-150-чакырым), Ала-Бука – Каныш-Кыя (62-100-чакырым) тоо жолдорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Мындай жолдордо айдоочулар 500 метр аралыкты так сактоосу зарыл.

Аба ырайы

10-февралда Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт. Чүй жана Талас аймактарында туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7, ал эми Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -12... -7, күндүз -5... 0 градус, Талас облусунда түнкүсүн -14… -9, күндүз -5…0 градус, Баткен облусунда түнкүсүн -6…-1, күндүз +1…+6 градус, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -6...-1, күндүз +1...+6 градус, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -10... -5, күндүз -5...0 градус, Нарын облусунда түнкүсүн -20... -15, күндүз -10... -5 градус болот.

Бишкекте 10-февралда жаан жаабайт, түнкүсүн туман каптайт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -9…-7, күндүз -3…-1 градус суук болот.

XS
SM
MD
LG