Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:19

Тунистин баш калаасында өкмөттү колдогон марш башталды


Демонстранттар өлкөнүн Ички иштер министрлигинин маңдайында полиция менен кагылышты, 8-февраль, 2013
Демонстранттар өлкөнүн Ички иштер министрлигинин маңдайында полиция менен кагылышты, 8-февраль, 2013
Башкаруучу байистүү исламчыл партияны колдогондор өлкө боюнча өкмөткө каршы демонстрациялар өткөндүн эртеси жөө жүрүшкө чыгууга камданышууда. Мамлекеттеги соңку башаламандык өкмөттү катуу сындап келген оппозициялык саясатчы өлтүрүлгөндөн кийин башталган. Чокри Белаидди ушул шаршембиде атып кетишкен эле.

Башкаруучу “Эннахда” партиясы өзүнүн тарапкерлерин бүгүн баш калаага чогулуп, өкмөттү колдой турганын көрсөтүүгө үндөгөн. Партия бул маршта эл “Франциянын кийлигишүүсүнө каршы” пикирин да билдиришин сурап жатат. Франциянын тышкы иштер министри Мануэл Валлс буга чейин оппозиционердин өлтүрүлүшү “Тунисте 2011-жылкы Жасмин ыңкылабынын жетишкендиктерин жокко чыгарат” деп айткан. Тунистеги ал ыңкылап кийин “араб жазы” деп атала баштаган бүтүн регионго жайылган нааразылык толкунуна себепчи болгон.

XS
SM
MD
LG