Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:44

Жерүйдү сатыкка чыгаруу шарттары аныкталууда


Бул тууралуу “Азаттыкка” Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы Наби Эшназаров билдирди. Анын айтымында, аталган кенди конкурс жолу менен сатуу үчүн түзүлгөн комиссия 7-февралдагы жыйында сынакты жарыялоонун акыркы шарттарын тактады. Эми комиссиянын келээрки жумадагы жыйынында сынак өткөрүүнүн жол-жобосун толугу менен аныкталып, кенди сатыкка коюунун шарты жарыяланмакчы.

Өткөн жыл соңунда кыргыз өкмөтү Жерүй кенин иштетүү үчүн “Жерүй алтын” ишканасына берилген лицензияны жокко чыгарган болчу. Буга компаниянын лицензиялык келишимди аткарбаганы негиз болгон.

Жерүй Кыргызстанда Кумтөрдөн кийинки эле эң ири алтын кени саналат. Анда болжол менен кеминде 90 тонна алтын, 13 тоннадай күмүш бар.(BkA)

XS
SM
MD
LG