Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:56

Тунис: Жебали сунуштаган планы өтпөсө отставкага кетет


Тунистин премьер-министри Хамади Жебали техникалык өкмөт түзүү сунушун жакынкы күндөрү парламент четке какса, отставкага кетээрин билдирди. Бул тууралуу Жебали ишемби күнү "Франс-24" каналындагы маегинде билдирди. Шаршембиде Тунисте оппозиция лидери Чокри Белаидди атып кеткенден бери толкундоолор токтобой жатат. Оппозиция лидеринин бейажал өлүмү Тунисте башаламан нааразылык акцияларын жаратып, бейшембиде бийликтеги исламдык "Эннахда" партиясынын башкеңсеси өрттөлгөн.

Андан соң өкмөттү колдогон күчтөр оппозициянын аракеттерине жооп катары жөө жүрүшкө чыгышкан. Мындай кырдаалда премьер-министр Хамади Жебали Тунистеги чыңалууну жөнгө салыш үчүн өкмөттү таркатып, техникалык өкмөт түзүү сунушу менен чыккан.

XS
SM
MD
LG