Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:20

Швейцария Пакистан президентине каршы кылмыш ишти кайра ачпайт


Швейцариялык бийликтер Пакистандын президенти Асиф Али Зардариге каршы буга чейинки коррупциялык кылмыш ишин кайра ачпай тургандыктарын билдиришти
Бул боюнча Швейцария өкмөтү Пакистан өкмөтүнө кечээ жиберген катында формалдуу түрдө билдирген. Ноябрда Пакистандын өкмөтү президентти “учурунда миллиондогон доллар акчаны уурдап, аны Швейцариядагы банк кутуларына салган” деп айыптап, ага каршы коррупциялык ишти кайра ачуу өтүнүчү менен Бернге кайрылган. Зардари менен анын маркум жубайы, экс-премьер Беназир Бхуттону Швейцариянын соту 2003-жылы 12 млн. доллар акчаны “түрдүү чет өлкөлүк фирмалардан пара катары алган” деп сыртынан айыптаган. Бирок аялы 2007-жылы кол салуудан көз жумгандан кийин президенттикке келген Зардари өзүнө тагылган бардык айыптарды “саясий максатты көздөйт” деп четке кагууда.

XS
SM
MD
LG