Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:18

Данфорд НАТОнун Ооганстандагы аскер командачысы болду


Генарал Жозеф Данфорд
Генарал Жозеф Данфорд
Ага чейин ооган жериндеги эл аралык аскер күчтөрүн генерал Жон Аллен жетектеп турган. Генерал Жозеф Данфорд азырга чейин АКШнын деңиз аскерлер Корпусунун жетекчисинин жардамчысы болгон. Кабулда жаңы ишке дайындалганы жарыяланган аземде сүйллөп жатып, генерал Ж.Данфорд: "Коалициянын максаты өзгөргөн жок, - деп билдирди. - Биздин өнөктөштөрүбүздүн, ооган улуттук коопсуздук күчтөрүнүн улам артып бараткан мүмкүнчүлүктөрү да өзгөргөн жок. Биз миссиябызды аягына чейин аткарабыз деген убададан кайтпайбыз", - деди.

Данфорд бул жердеги чет өлкөлүк аскерлердин акыркы командачысы болот деп күтүлүүдө. Эми генерал Ооганстандан аскерлерди чыгарып кетүү милдетин ишке ашырышы керек.

Кечээ телеканалдагы интервьюсу учурунда кызматтан кетип жаткан генерал Аллен ооган жеринде уланган 11 жылдык согушта “жеңишке карай жолдо баратабыз” деп айтты.

XS
SM
MD
LG