Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:37

Индияда Ганга дарыясына жуунуу жөрөлгөсү өтүүдө

Индуисттер Ганга дарыясында, Аллахабад шаары, 10-февраль, 2013
Индуисттер Ганга дарыясында, Аллахабад шаары, 10-февраль, 2013
Индуисттердин жөрөлгөсүнө бүгүн 30 млн.дой адам катышып жатканы кабарланууда. Эл өлкөнүн түндүгүндөгү Аллахабад шаарынын айланасында Ганганын жээгине чогулган. Бул күн - индуисттердин эң маанилүү диний майрамдарынын бири.

Аймакта коопсуздукту камсыз кылыш үчүн 7 миңдей полисмен жайгаштырылды. Индуисттер Ганга дарыясын ыйык деп билишет. Ал жээкти бойлор салынган түрдүү ишканалар менен шаарлардан катуу булганган.
XS
SM
MD
LG