Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:20

Бахрейн: өкмөт менен оппозиция жарашуу үчүн сүйлөшүү баштады


Бахрейндин өкмөтү менен оппозиция өкүлдөрү 2011-жылдан бери алгач ирет жарашуу үчүн сүйлөшүүнү баштады. Сүйлөшүүнүн биринчи туру жекшембиде болуп өттү, экинчи туру шаршембиге белгиленди. Негизинен суниттер түзгөн өкмөт мүчөлөрү менен шейиттерден турган оппозиция өкүлдөрүнүн ортосундагы сүйлөшүүнүн жүрүшүндө оппозиция бардык саясий күчтөрдү камтыган өкмөт түзүүнү талап кылууда.

Падыша башкарган Бахрейнде 2011-жылдын башында аймактагы “Араб жазынын” айрым өлкөлөрдөгү жеңишине шыктанган оппозиция өлкөдө аткаруу бийлигин толук көзөмөлдөгөн парламенттик башкарууну киргизүүнү талап кылып, нааразылык акцияларын өткөргөн. Дээрлик 1 айга созулган нааразылык акциялары күч менен токтотулган. Бирок оппозиция андагы талаптарынан кайтпай келет.

XS
SM
MD
LG