Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:04

Кыргызстанга немис өкмөтүнүн эсперттик тобу келет


Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Германиянын Кыргызстандагы элчиси Гудрун Срэганы кабыл алды. Анда негизинен немис өкмөтүнүн эксперттик тобунун Кыргызстандагы иш сапарына байланыштуу маселе талкууланды. Президенттин маалымат кызматынын билдиришинче, бул топ эки өлкө ортосундагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жолдорун иликтемекчи.

Атамбаев өткөн жылдын этегинде үч күндүк расмий сапар менен Германияга барган. Анда эки тараптуу бир канча келишимдерге кол коюлган. Документтердин арасында Кыргызстанга 26 миллион евро грант берүү жана Кыргызстандын Германияга болгон 8 жарым миллион евродой карызын конвертизациялоо боюнча келишимдер бар. (EBM)

XS
SM
MD
LG