Жогорку Кеңештин Бюджет жана каржы комитети бүгүн Салык кодексине кошумча-алымчаларды киргизүү боюнча мыйзам долбоорду талкуулап, аны колдоду. Анда букмекердик жана тотализатордук кызмат көрсөтүүгө милдеттүү түрдө патент киргизүү каралган. “Ар-намыс” фракциясынан депутат Дастан Бекешов патент наркы 15 миң сом деп белгиленсе, алдын ала эсептөөлөргө ылайык, өлкө жылына 16 миллион сом киреше табарын айтты.
Жакында эле президент Алмазбек Атамбаев букмекер кеңселеринин жана тотализатор бюролорунун ишмердиги тууралуу мыйзамга каршы пикирин билдирген болчу. Ага ылайык, ар кандай спортчулардын, командалардын жеңиши үчүн алдын-ала байге сайган жана акчага мелдешкен букмекер кеңселери менен тотализатор бюролору кумар оюн жайлары болуп эсептелет. Мындай жайларга уруксат берүү бир катар социалдык проблемаларды жаратышы ыктымал. Ошондуктан мындай ишмердикке толугу менен тыюу салынышы зарыл.
Жогорку Кеңеш бул мыйзамды 13-декабрда кабыл алган болчу. Документ мындай жайлардын ишин көзөмөлдөөгө багытталган.
Кыргызстанда 2012-жылдын 1-январынан тарта казинолор, кумарканалар жабылган. (EBM)