Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:11

Рим католик чиркөөсүнүн Папасы Бенедикт XVI 28-февралда кызматтан кетээрин жарыя кылды


85 жаштагы Папа дүйшөмбү күнү жарыялаган билдирүүсүндө акыркы бир нече айда ден соолугу бир кыйла начарлап кеткенин, милдетин аткарууга күчү жок экенин кабарлады. Бул жаңылыкты католик динзарлар таң калуу жана ишенимсиз кабыл алууда. Мюнхендик Гертруда Виебрац: “Мен Папа ооруса гана анын отставкасына макулмун. Теориялык жактан алганда, Папанын өз эрки менен кызматтан кетүүсү мүмкүн эмес,” - дейт.

Маалыматтарга караганда, Ватикандын жаңы башчысы марттын аягына чейин шайланат. Папанын өз ыктыяры менен кызматтан кетүүсү - Ватикандын 1 миң жылга жакын тарыхынын соңку 600 жылында биринчи ирет болууда. Рим Папасы Григорий XII 1415-жылы өз ыкласы менен Ватикандын башчылыгынан баш тарткан.

Германиялык Йозеф Алоис Ратцингер 2005-жылы Папа шайланган.

XS
SM
MD
LG