Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:42

Иранда оппозициячыл саясатчынын эки кызы камакка алынды


Иран бийликтери оппозициянын көрүнүктүү өкүлү Мир Хусейн Мусавинин эки кызын камакка алды. Мусавинин Париждеги өкүлүнүн кабарлашынча, Наргиз жана Захра Мусави бүгүн эртең менен камакка алынган. Ардашир Амир Аржман “Азаттык” радиосуна Мусавинин кыздары кайсы жерде кармалганы белгисиз экенин да кошумчалады. Мир Хусейн Мусави жана Ирак парламентинин мурдакы төрагасы Мехди Карриби 2009-жылкы шайлоодо президенттикке талапкер болушкан. Эки саясатчы өз тарапкерлерин 2011-жылкы Тунисте жана Египеттеги элдик чыгууларды колдоп көчө жүрүштөрүн өткөргөнгө чакыргандан кийин үй камагына алынып, али бошотула элек.

XS
SM
MD
LG