Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Март, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:20

Жалал-Абад шаар кеңеши мэр шайлаганы жатат

Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары сессияга чогулуп, мэр шайлаганы жатат. Аймактагы кабарчыбыздын маалымдашынча, жыйынга 30 депутат келди. Мыйзам боюнча мэр шайлоо үчүн 21 депутат катышуусу керек.

Мэр шаардык кеңештин 28-январдагы жыйынында шайланбай калган эле.  Анда “Өнүгүү” партиясынан 15, “Ата-Журттан” 1 гана депутат катышып, жыйын үзгүлтүккө учураган болчу. Ага чейинки жыйын “Ата-Журттун” калган депутаттарынын жана Социал-демократтардын айынан болбой калган.

Жалал-Абад шаар кеңеши 31 депутаттык орундан турат .Былтыр 25-ноябрдагы шайлоодо "Өнүгүү" партиясынан 15, "Ата-Журт" партиясынан 8 жана КСДПдан 8 депутат шайланган. (EBM)
XS
SM
MD
LG