Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:37

Кыргыз өкмөтү Кумтөр боюнча сүйлөшүү үчүн топ түздү


Бул тууралуу “Азаттыкка” юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов билдирди. Анын айтымында, Канада тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында түзүлгөн топтун башында биринчи вице-премьер министр Жоомарт Оторбаев турат. Кумтөр боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссия кызыкдар тарап катары сүйлөшүүгө катышпайт.

Аталган комиссия корутундусун өткөн жылдын аягында жарыялаган. Анда Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча 2009-жылы түзүлгөн келишим Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келген мыйзам бузуу менен түзүлгөнү айтылат. Андыктан комиссия өкмөткө "Центерра голд" менен Кумтөргө байланыштуу жаңы келишим боюнча сүйлөшүү баштоо сунушун жолдогон. Эгер жогоруда аталган шарттарга азыркы инвестор көнбөсө, анда келишимди толук бузуу сунушталган. Канада тарап азырынча сүйлөшүү тууралуу жообун бере элек. (EBM)

XS
SM
MD
LG