Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:32

Сатыбалдиев план аткарбаган салыкчыларды иштен алууну тапшырды


Премьер-министр Жантөрө Сатылдиев бүгүн Салык кызматынын жыл жыйынтыгы боюнча жыйынына катышты. Анда 2012-жылы салыкчылар планды толтура албай калганын сынга алды. Буга байланыштуу айрым салыкчаларды иштен алууну тапшырды.

Өкмөттүн маалымат кызматынын билдиришинче, Сатыбалдиев быйыл былтыркыга караганда 6 миллиард сомго көбүрөөк салык чогултуу каралып жатканын, ошондуктан талап катуу коюларын, ай сайын отчет тапшырып турууну эскертти. Өткөн жылы киреше салыгы 143 миллион сомго, сатыктан салык 389 миллион сомго аз чогулганын белгиледи. Акциз салыгы 66 пайызга гана аткарылганын айтып, салык чогултуу ыкмаларын жакшыртууну тапшырды. (EBM)

XS
SM
MD
LG