Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:19

Барак боюнча депутаттык комиссия түзүлөт


Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн Бишкекте Өзбекстандын аймагындагы Кыргызстандын эксклавынын жашоочулары менен жолугушууда билдирди. Анда чек ара, жол, суу жана тамак-аш өңдүү маселелер талкууланды. Төрөга парламенттин январь айындагы токтомуна ылайык, өкмөт чек ара маселелерин чечүү боюнча бир катар иш-аракеттерди көрүп жатканын белгиледи.

Мындан мурдарак Барактын тургуну Алмаз Каримов жергиликтүү эл кыргыз-өзбек чек арасындагы Достук өткөрмө бекети аркылуу каттоого нааразы болуп жатканын “Азаттыкка” билдирген. Анын айтымында, Достук Барактан 50 чакырым алыс турат жана аны менен каттоо үчүн үч өзбек районун аралап өтүүгө туура келет. Ошондой эле бул жол опурталдуу болуп эсептелет.

Мурда барактыктар Кыргызстанга Бирлешкен чек ара бекети аркылуу катташчу. Бекет январь айынын башында Баткендеги Чарбак жаңжалынан кийин жабылып калган. (EBM)

XS
SM
MD
LG