Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:20

Иранда өзөктүк программа боюнча сүйлөшүү өтөт


Тегеренда бүгүн Ирандын талаштуу өзөктүк программасы боюнча кезектеги сүйлөшүүлөр өтөт. Анда БУУнун өзөктүк куралды көзөмөлдөө агенттигинин өкүлдөрү Ирандын бийлик өкүлдөрү менен жолугат. Жолугушуунун алдында Ирандын тышкы иштер министрлиги Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттик - МАГАТЭнин инспекторлорунун Тегеранга жакын жайгашкан Парчин аскердик комплексин кандай шартта текшерүүгө мүмкүнчүлүк алаары боюнча билдирүү таратты. Ал шарттарга ылайык, МАГАТЭ Ирандын өзөктүк ишмердүүлүк жүргүзүүдөгү укуктарын таанышы зарыл. МАГАТЭнин башкы инспектору Герман Наскирдс Иран менен бул багытта тил табуу үчүн аракет жумшаарын билдирди. Парчин аскердик комплекси МАГАТЭнин да, Батыш өлкөлөрүнүн да олуттуу шек саноосун жараткан объект. Алардын болжолунда, Иран бул жайда 2000-жылы курулган атайын контейнерде, кубаты күчтүү жардырууларды сынап жатышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG