Учурда “Ата-Мекен” партиясынын 200дөй тарапкери Ак үйдүн алдында чогулуп турушат. Алар апрель окуяларынан кийинки талап-тоноочулук боюнча комиссиянын корутундусуна нааразылык билдиришүүдө.
Депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулоо бүгүн Жогорку Кеңештин сессиясында уланып жатат. Бул маселе сессиянын күн тартибине өткөн аптада чыгарылган. Корутундуну комиссиянын беш мүчөсү колдоп кол койгон, ал эми калган бешөө баш тарткан болчу.
Комиссиянын төрагасы Курманбек Осмонов иликтеп-териштирүүнүн жүрүшүндө талоончулукка “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев менен Болот Шердин кыйыр тиешеси бар экенин, ал эми Туратбек Мадылбеков менен Райкан Төлөгөновдун түздөн-түз тиешеси бар экени аныкталганын маалымдаган.
Азыр депутаттар тергөөгө байланыштуу видео материалдарды көрүү же көрбөө маселесин чече албай, талашып жатышат. (EBM)