Бүгүн Ош аэропортундагы жүргүнчүлөргө адам сатууга каршы сахналаштырылган көчө театры тартууланды. Иш-чараны «Улыбка» коомдук бирикмеси мыйзамсыз миграциянын кесепеттерин жоюу максатында уюштурган. Бул тууралуу «Азаттыкка» бирикменин кызматкери Тахир Сабиров билдирди. Анын айтымында, мындай акция айдын башында калаадагы базарда жана Токтогул эс алуу багында да уюштурулган.
«Жыйырма бешинчи кадр» деп аталган долбоордун алкагында ишке ашып жаткан акцияда Оштогу кыргыз жана өзбек драмат театрларынын актерлору роль жаратууда. Алар спектакль аркылуу мыйзамсыз миграциянын терс таасирлерин көрсөтүүгө аракет жасашат.
Долбоорго Эл аралык Миграция уюму USAID уюмунун каржылык колдоосунда жардам берип жатат. (SE)