Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:57

Кыргызстан Бакиевдерди алып келүү аракетин кайра жандантат


Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгын жетекчиси Мелис Турганбаев “Азаттыктагы" маегинде билдирди. Анын айтымында, Медет Садыркулов жана анын сапарлаштарынын өлүмү боюнча Курманбек Бакиев жана Жаныш Бакиевдин үстүнөн сот өкүмүнүн чыгарылышы менен аларды экстрадициялоо маселесин кайрадан көтөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Мындан улам Башкы прокуратура жана ички иштер органдары Бакиевдерди Кыргызстанга кайтаруу үчүн кайрадан өтүнүч келтире турганын Турганбаев маалымдады.

12-февралда Бишкек гарнизонунун Аскер соту Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевге жана анын бир тууганы, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы жетекчиси Жаныш Бакиевге карата өкүм чыгарган. Ага ылайык, Курманбек Бакиев сыртынан 24 жылга, иниси Жаныш Бакиев өмүрү өткөнчө эркинен ажырады.(BkA)

XS
SM
MD
LG