Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:17

Барактыктар “Достук” аркылуу каттаганга уруксат алды


Кыргызстандын Чек ара кызматынын башчысы Токон Мамытов Барак маселеси боюнча кыргыз-өзбек чек арачылары кечээ Ошто жолукканын “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, өзбек тарап барактыктарга "Достук" өткөрмө бекети аркылуу каттоого уруксат берди. Ошондой эле күтүлбөгөн чукул иши чыккандарды "Ак-Таш" өткөрмө бекети аркылуу өткөрүүгө макул болду.

Мамытов эки өлкөнүн макулдашуусуна ылайык, чек арада жалпысынан 15 өткөрмө бекетти ачууга расмий уруксат бар экенин, бирок ага "Ак-Таш" кирбей калганын, аны ачуу өкмөт башчылардын деңгээлинде чечилиши керектигин белгиледи.

Барактан келген делегеция бүгүн президент менен жолукту. Кечээ аларды Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков кабыл алган болчу. Анда негизинен чек ара, жол, суу өңдүү маселелерди чечүү талабы коюулууда.

Учурда Өзбекстандын аймагындагы Кыргызстандын Барак эксклавынын тургундары “Достук” өткөрмө бекети аркылуу каттоого нааразы болуп жатат. Алардын айтымында, Достук Барактан 50 чакырым алыс турат, аны менен каттоо үчүн үч өзбек районун аралап өтүүгө туура келет. Ошондой эле бул жол опурталдуу болуп эсептелет. "Ак-Таш" январь айынын башында Баткендеги Чарбак жаңжалынан кийин жабылган эле. (EBM)

XS
SM
MD
LG