Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:49

Жалал-Абад: көмүр казууда коопсуздук маселеси талкууланды


Жалал-Абадда көмүр казуу учурунда кооптуу окуяларды алдын алуу, мыйзамсыз көмүр казган жеке ишкерлер менен көзөмөлдөөчү уюмдардын ортосундагы пикир келишпестик өңдүү маселелер талкууланды. Анда жеке ишкерлер менен мыйзамсыз көмүр казгандардын ортосунда келишимдин жоктугу, көмүр казууда техникалык коопсуздук сакталбаганы, лицензия алуудагы алешемдиктер сынга алынды.

"Кен байлыктары жөнүндөгү" мыйзамга өзгөртүү киргизүү, иш берүүчүлөрдүн жоопкерчилигин жана көзөмөлдү күчөтүү, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү сунуштары берилди.

Былтыр декабрда облустун “Кыял” шахтасында көмүр исине ууланып, беш адам жан берген. Талкууну эл аралык ЮСАИД агенттиги каржылаган “Кабар-Ордо” долбоорунун алкагында “Оштук жаштар" коомдук бирикмеси Search for Common Ground уюмунун, облустук бийликтин көмөгү менен өткөрдү. (YA)

XS
SM
MD
LG