Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:46

Ооган президенти НАТО кол башчысынан түшүндүрмө талап кылды


Хамид Карзайдын кеңсеси маалымдагандай, ал бүгүн Кабулда НАТО күчтөрүнүн колбашчысы, генерал Жозеф Данфорд менен кездешүүсүндө келечекте аба соккулары учурунда жайкын тургундардын өмүрүнүн кыйылышына жол берилбеши керектигин эскерткен.

НАТОнун күчтөрүнө ушул жекшембиден тарта колбашчылык кыла баштаган генерал Данфорд cоңку окуяга өкүнүч билдирип, келечекте эл жашаган аймактарды бомбалоодон карманышарына ишендирген.

Ооган расмий өкүлдөрүнүн билдиргенине караганда, кечээ чыгыштагы Кунар провинциясында НАТОнун аба чабуулунан карапайым он тургун мерт кеткен.

Ал аба соккусу учурунда "Талибандын" да бир нече согушкери мерт болгондой. (UE)

XS
SM
MD
LG