Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:12

Дагестанда төрт согушкер жок кылынды


Жанкечти унаасын жардырган жер. 14-февраль, 2012-жыл.
Жанкечти унаасын жардырган жер. 14-февраль, 2012-жыл.
Орусиянын Ички иштер министрлиги билдиргендей, Хасавюрт районунда жок кылынган согушкерлер жанкечтинин бүгүн эртең мененки жардыруусуна тиешеси бар болушу мүмкүн.

Расмий өкүлдөрдүн айтымында, жанкечти өзү айдап жүргөн унааны бүгүн эртең менен Хасавюрттун чет жакасында, полиция бекетинде токтотулган кезде жардырып жиберген.

Андан төрт полиция кызматкери набыт болуп, алтоо жаракат алган. Жардыруу үчүн азырынча эч ким жоопкер боло элек.

Орусиянын Түндүк Кавказдагы республикаларынын бири - Дагестанда исламчыл согушкерлер расмий адамдарга, полиция жана аскерий кызматчыларга утур-утур кол салып турат. (UE)

XS
SM
MD
LG