Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:19

Жерүйдү сатыкка чыгаруунун шарттары аныкталат


Бул тууралуу “Азаттыкка” Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы Наби Эшназаров билдирди. Анын айтымында, бул кенди сынак жолу менен сатуу үчүн түзүлгөн комиссиянын бүгүнкү жыйынында аны өткөрүүнүн жол-жобосун толугу менен аныкталып, кенди сатыкка коюунун шарты жарыяланат. Андан соң кенди иштетүүгө сынак өткөрүлөт.

Өткөн жыл соңунда кыргыз өкмөтү Жерүй кенин иштетүү үчүн “Жерүй алтын” ишканасына берилген лицензияны жокко чыгарган болчу. Буга компаниянын лицензиялык келишимди аткарбаганы негиз болгон.

Таластагы Жерүй Кыргызстанда Кумтөрдөн кийинки эле эң ири алтын кени саналат. Анда болжол менен кеминде 90 тонна алтын, 13 тоннадай күмүш бар. Кендин айланасындагы айыл жашоочулары Кумтөр кенинин маселеси чечилмейин, Жерүйдү иштетүүгө каршы болуп келишет. (BkA)

XS
SM
MD
LG