“Кыргызгаз” Казакстандын “КазТрансГаз” ишканасына болгон карыздын жарымын төлөп бүттү. Бул тууралуу аталган ишкананын директорунун орун басары Куралбек Наскеев кабарлады. Анын айтымында, Казакстан Кыргызстандын карызды бөлүп-бөлүп төлөө сунушуна макул болуп, газды чектебей турган болду.
Буга чейин өткөн аптада расмий Астана “Кыргызгаз" 12-февралга чейин карызын төлөбөсө, газ чектелерин эскерткен болчу.
“Кыргызгаз” Казакстанга 5,5 миллион, ал эми Өзбекстанга 490 миң доллардай бересе. (BkA)