Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:32

Эл акыны Байдылда Сарногоев эскерилет


16-февралда Бишкек шаарындагы Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында эл акыны, Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаты Байдылда Сарногоевдин 80 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өтөт. Кечени “Жетимен” кайрымдуулук фонду, Маданият жана туризм министрлиги жана Кыргызстан жазуучулар союзу уюштурууда. Иш-чарада эл акыны эскерилип, маданият ишмерлери анын ырларын окушат. Ошондой эле Байдылда Сарногоев атындагы эл аралык сыйлык тапшырылат.

Буга чейин Жогорку Кеңештин билим, илим жана маданият боюнча комитети Байдылда Сарногоевдин 80 жылдыгын уюштуруу маселесин талкуулап, элесин түбөлүккө калтыруу максатында Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн бирине анын ысымын ыйгарууну, эстелигин орнотууну өкмөткө табыштаган.

Кыргыз эл акыны Байдылда Сарногоев 1932-жылы Таластагы Шумкар-Уя айылында туулган. 13 жашынан тарта эле ыр жаза баштаган. Сарногоевдин “Шумкар”, “Досторго”, “Менин күнүм”, “Баяс”, “Жокен” жана “Ашуудан берген отчетум” сыяктуу китептери окурмандарын тапкан. Ал 2004-жылы 72 жашында дүйнө салган. (BkA)

XS
SM
MD
LG