Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:10

Азери президенти тополоң чыккан облустун губернаторун иштен бошотту


Исмаили облусунун губернатору Низами Алекберов кызматтан президент Илхам Алиевдин кечээги жардыгына ылайык алынды.

Өткөн айда Исмаили шаарчасынын тургундары өкмөт мүчөсүнүн баласы аралашкан жол кырсыгынан кийин тополоң салышып, машинелерди жана министрдин уулу ээлик кылган мейманкананы өрттөшкөн. Ага катар губернатор Алекберовдун кызматтан кетишин талап кылышкан.

Исмаилидеги окуяларга пикирин коомчулукка эки күн мурда гана айткан президент Алиев өкмөт адамдарын гана эмес, алардын балдарын да жүрүм-турумун оңдоого чакырды. Кокус балдары бейбаштык кылып, калкка туура эмес мамиле жасаса, аталары иштен алынарын эскертти.

Азери оппозициясынын айрым өкүлдөрү президенттин бул сөздөрүн сынга алышты. (UE)

XS
SM
MD
LG