Хамид Карзайдын кеңсеси маалымдагандай, ал кечээ Кабулда НАТО күчтөрүнүн колбашчысы, генерал Жозеф Данфорд менен кездешти жана аба соккулары учурунда жайкын тургундардын набыт болушуна жол берилбеши керектигин эскертти.
НАТО күчтөрүнө ушул жекшембиден тарта колбашчылык кыла баштаган генерал Данфорд алар келечекте эл жашаган аймактарды бомбалоодон карманарына ишендирген.
Ооган расмий өкүлдөрүнүн билдиргенине караганда, мурдагы күнү чыгыштагы Кунар провинциясында НАТОнун аба чабуулунан карапайым он тургун мерт кеткен. Ал аба соккусу учурунда, кабарларга караганда, "Талибандын" да бир нече согушкери мерт болгон.