Президент Алмазбек Атамбаев ички иштер министри Шамил Атахановго мындан ары жол тосууга жол бербөө үчүн конкреттүү чараларды көрүүнү тапшырды. Ак үйдүн алдында 13-февралда “Ата Мекен” партиясынын тарапкерлеринин митинги маалында жол тоскондорду жана ага жол берген шаардык милиция кызматкерлерин жоопко тартууну тапшырды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Атамбаев 13-февралда жол тоскондорго жазаны катаалдатуу боюнча мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, мындан ары жолду буугандарга айып пул салынат. (EBM)
Атамбаев 13-февралда жол тоскондорго жазаны катаалдатуу боюнча мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, мындан ары жолду буугандарга айып пул салынат. (EBM)