Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:29

Ысык-Көлдө мектепке чейинки билим берген 7 мекеме ачылат


Ысык-Көл облусунда 2013-жылы мектепке чейинки билим берген 7 мекеме ачылат деп күтүлүүдө. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Назира Муканбетова билдирди.

Маалыматка ылайык, 7 мекеменин ичинен 3 бала бакча Ак-Суу районунун Орленное, Отрадное жана Шапак айылдарында ачылат. Ошондой эле аны Каракол шаарында №14 орто мектебинин базасында уюштуруу болжолдонууда. Андан сырткары Ысык-Көл районунун Кашат жана Кара-Ой айылдарында 2 бала бакчанын курулушу жүрүүдө. Каракол шаарында №8 орто мектебинин базасында 1 бала бакча калыбына келтирилип жатат.

2012-жылы Жети-Өгүз районунун Саруу, Балтабай жана Жети-Өгүз айылдарындагы бала бакчалар оңдолуп-түзөтүлгөн. 2009-жылы Ак-Суу районундагы Кереге-Таш айылынын бала бакчасынын курулушу башталып, республикалык бюджеттен каржылоо токтогонуна байланыштуу бүтө элек.

Ысык-Көл облусунда бүгүнкү кунү 6600дөн ашык баланы камтыган мектепке чейинки билим берген 57 мекеме бар. (MK)

XS
SM
MD
LG