Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:20

Касымалиев: өкмөт пайданы Жерүйдүн салыгынан табат


Бул тууралуу Экономика жана монополияга каршы саясат министринин орун басары Адылбек Касымалиев бүгүн Жерүй кени боюнча өкмөттүк комиссиянын жыйында билдирди. Ага ылайык, сынактан өткөн компания өкмөткө бир айдын ичинде 100 миллион доллар төгүшү керек. Бул жыйында кенди иштеткен компанияларды тандоо критерийлери аныкталды. Ага ылайык, бул жаатта тажрыйбасы 5 жылдан кем болбошу зарыл. Эгер уруксат кагаздарын алгандан кийин ишти атайын создуктуруп, бир айдын ичинде ишти баштабаса, айына 200 миң доллар айыпка жыгылат. Эгер эки жылдан кийин пайда бере баштабаса, 5 миллион доллар айып төлөйт.

Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Ишембай Чунуевдин малымдашынча, Жерүйдү иштетүү боюнча келишимдин төрт үлгүсү даярдалат. Кайсы үлгү колдонуларын комиссия чечмекчи. (EBM)

XS
SM
MD
LG